Орусияда Восток-2018 машыгуусу башталды

Машыгууга 300 миңдей аскер катышууда.

Орусияда Восток-2018 машыгуусу башталды

Орус армиясы тарыхынын эң чоң аскердик машыгуусу Восток-2018ди баштады.

Машыгууга 300 миңдей аскер катышууда.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында өлкөнүн чыгыш жагындагы жерлерде жана деңиздерде 17-сентябрга дейре улана турган Восток-2018ди коргоо министри Сергей Шойгунун өзү башкара турганы маалымдалды.

Анда, «Машыгуунун негизги максаты аскердик башкаруу органдарынын пландоодогу даярдык деңгээлинин белгилениши, узун мөөнөттө бөлүктөрдүн кайрадан группаландырылышынын камсыздалышы, кургактык бөлүктөрү менен деңиз бөлүктөрүнүн арасында таасирлешүүнүн уюштурулушу, командирлердин жана бөлүктөрдүн даярдык, аскердик операция убагында мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүктүрүлүшү болуп саналат»,делди.

Машыгуунун эки баскычта өтө турганы белгиленген жарыяда, алгачкы баскычта белгиленген милдеттердин орундатылышы үчүн аскердик бөлүктөрдүн өлкөнүн чыгышына жайгаштырыла турганы, түндүк жана чыгыш аймактарындагы сууларда деңиз күчтөрүнүн кеңейтиле турганы билдирилди.

Экинчи баскычта дагы командирлердин коргонуу жана кол салуу темаларында ар башка бөлүктөрдүн арасындагы башкаруу маселелеринин үстүндө иштей турганы айтылган жарыяда, иш-аракеттердин көбүнчө чыгыш аскердик аймагынын полигондорунда ишке ашырыла турганы маалымдалды.

Машыгууда чыгыш жана борбордук аскердик аймактардын бөлүктөрү менен Түндүк флоту, абадан түшүрүү бөлүктөрү жана аба күчтөрү орун ала турганы эске салынган жарыяда, Цуголь полигонунда боло турган машыгууда Кытайдын армиясынан бөлүктөрдүн да катыша турганынын маалыматы берилди.

Анда машыгуунун 1996-жылдын 26-апрелинде Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын ортосундагы чек ара аймагындагы аскердик аянтта коопсуздуктун күчтөндүрүлүшү жагдайында түзүлгөн келишимге шайкеш экендиги маалымдалды.

Восток-2018ге 300 миңдей аскер, миңдан ашык учак, тик учак, учкучсуз учуучу аппараттар, 36 миңдей танка, зоттолгон жана башка аскердик техникалар менен 80 чакты кеме катышат.

Восток-2018 Советтер Союзу мезгилинде 1981-жылы болгон «Запад-81» машыгуусунан бери Орусиянын тарыхындагы эң көп сандагы аскердик машыгуу болот.



Тектеш кабарлар