Антибиотикке туруштук берген супер бактерия табылды

Европада белгиленген супер бактерия түрүнүн дүйнө жүзүнө жайылганы аныкталды.

Антибиотикке туруштук берген супер бактерия табылды

Илимпоздор адамдын терисинде кеңири кездешкен бир бактериянын бардык антибиотиктерге туруштук берүүчү өзгөчөлүккө ээ болгонун байкашты.

Австралиянын Мелбурн университетинен илимпоздор, «staphylococcus epidermidis» аттуу бактериянын ар башка антибиотик формаларына тобу менен туруштук берген түрлөрү бар экенин аныктады.

Европада белгиленген супер бактерия түрүнүн дүйнө жүзүнө жайылганы аныкталды.

Австралияда 2012-жылы бир оорукчанда кездешкен супер бактерия туурасында 6 жылдан бери эмгектенген Др.Жан Ли, бул бактериянын «rifampicin» жана «vancomycin» түрүнүн бактерияларга туруштук бергенин байкады.

Бул эки антибиотик түрүнүн бири-бирине альтернативалык дарылоодо колдонула ала турганын айткан изилдөөчүлөр, ар бир эки түргө туруштук берген супер бактериянын дарылоо альтернативаларын түгөткөнүнө көңүл бурду.

Лии, антибиотик реакциясынын айрым учурларда айыккыс абалга жектенин белгиледи.

Оорукана инфекцияларына да себеп болгон супер бактериянын 10 өлкөдө 78 саламаттык сактоо борборунда кездешкени белгиленди.

Изилдөөчүлөр ашыкча жана текшерүүсүз антибиотик колдонуунун бактерияларды барган сайын дарыларга дагы берилген абалга келтиргени эскертүүсүн кылды.

Изилдөөнүн жыйынтыктары "Nature Microbiology" журналында жарыяланды.


Этикеткалар: бактерия

Тектеш кабарлар