Японияда болгон жер титирөө

6, 7 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 40ка жетти.

Японияда болгон жер титирөө

Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында бейшемби күнү болгон 6, 7 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 40ка жетти.

Киодо агенттигинин кабарына караганда акыркы болуп Ацума шаарында 77 жаштагы бир эркектин сөөгүнүн табылышы менен жер титирөөдө каза болгон киши саны 40ка жетти. Жер титирөөдө дайынсыз жоголгондордун бар экендиги белгиленгендигине карабастан жергиликтүү башкаруунун изилдөө – куткаруу иштерин акырына чыгаргандыгы билдирилип, 2 миң 700гө жакын кишинин баш калкалоочу жерлерде жашап жаткандыгы маалымдалды.

Жер титирөө жол ачкан жер көчкү Ацумада көп сандаган үйдүн жер астында калуусуна себеп болду.

Жалпы Хаккайдо аралында да 8 миң каанага азыр да электрдин берилбегендиги айтылууда.  Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе жер титирөө болгон аймактагы эң чоң шаар болгон Саппорого барып апаат иштерин иликтеген.

Бейшемби күнү болгон 6, 7 баллдык жер титирөө Хоккайдо аралында турмушка тескери таасирин тийгизген. 5,4 миллион киши жашаган аймакта электр жана транспорт кызматы берилбей жатат.  Аймактагы эл аралык аэропорт каттамдарга жабылды.



Тектеш кабарлар