Түркия – Орусия – Иран жергиликтүү акча менен соода кылышат

Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Абдуннасыр Химмети Түркия, Орусия жана өлкөсүнүн жергиликтүү акча бирдиктери менен соода кылуу тууралуу макулдашкандарын бидирди.

1045945
Түркия – Орусия – Иран жергиликтүү акча менен соода кылышат

Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Абдуннасыр Химмети Түркия, Орусия жана өлкөсүнүн жергиликтүү акча бирдиктери менен соода кылуу тууралуу макулдашкандарын бидирди. Химмети басма сөзгө берген маалыматында жакынкы бир келечекте Түркия менен Орусиянын Борбордук банктарынын башкаруучулары менен жолугушарын жана макулдашылган жайгдайлардын ылдам түрдө ишке киришин каалашкандарын айтты.

Ирандын борбор шаары Тегеранда 7 – сентябрда өткөрүлгөн Сирия  саммитинде президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин да катышуусу менен түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн  билдирген Абдуннасыр Химмтеи нефть, газ жана негизги продукцияларды алып сатуу менен банктык темаларында макулдашуунун түзүлгөндүгүн белгиледи.

Химмети үч өлкөнүн да соодада долларды четтетүү тууралуу бирдей пикирде экендигин, Түркия  – Орусия  – Ирандын   өз акча бирдиктери менен соода кыларын жана белгиленген курс боюнча аткарыларын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар