Индияда сел апааты

Селдин айынан 67 киши каза болду.

Индияда сел апааты

Индиянын Керала штатында нөшөрлөп жааган жамгырлардын себебинен сел жүрүп 67 киши каза болду.

Сел апаатынан 50 миң киши да үй-жайсыз калды.

Катуу жамгырдын айынан суу сактагычтар, дарыялар ташкындады.

Чоң жолдор, көпүрөлөр урап, үйлөр сел суулары менен кошо акты.

Шивпури шаарындагы бир шаркыратманын жанында эс алып отурган 11 киши селге кабылды.

Дайынсыз жоголгон 11 киши үчүн издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

Акыркы жумадан бери муссон жамгырлары таасирдүү болгон аймакта Кочин эл аралык аэропорту убактылуу жабылып, поезд каттамдары токтотулду.

Сел жана жер көчкүнүн себебинен жүз миңдеген киши да аймактан чыга албай калды.

Штаттагы 14 аймактын 12синде кызыл белгидеги эскертүү берилди.

Айрым аймактарда электр жарыгы жана суу бериле албай жатат, он миңдеген үй жарактан чыгып калды.

Быйыл Индияда катуу жамгыр жана селдердин кесепетинен 800 киши каза болду.



Тектеш кабарлар