Түндүк Корея АКШны эскертти

Түндүк Корея өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери АКШнын санкцияларына каршылык көрсөтүштү.

Түндүк Корея АКШны эскертти

Түндүк Корея америкалык айрым жооптуу кызматкерлердин Пхеньян башкаруучулугуна карай эл аралык санкцияларды арттыруу аракетинин, ядролук куралдардын жок кылынышы процессин үзгүлтүккө учурата турганы боюнча эскертти.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, ядролук жана ракеталык сынооолорун токтоткондорун, ядролук куралдарды сыноо аянтын жок кылгандарына көңүл бурган Түндүк Корея  өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, АКШдагы айрым сыясатчылардын өлкөгө карай санкцияларын улантууну каалагындарынын себебинен куралсыздануу темасында жылыш болбой турганын белгилешти.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы, Түндүк Корея менен АКШнын биргелешкен билдирүүсүнүн алкагында: «Эгерде АКШ диалог өнөктөштүгү үчүн негизги этикалык эрежелерге баш ийбей жана мурунку бийликтер сынап көрүп ийгиликтүү боло албаган эскирген сценарийди уланткан учурда, куралсызданууда жылыш болбойт»,-деди.

Аты-жөнү билдирилбеген катчы, Корея жарым аралындагы араң камсыздалган ырааттуулук чөйрөсүнүн улана турганынын гарантиясы жок экенин да кошумчалады.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Ху өткөн жуманын аягында өлкөсүнүн жакшы ниет мамилелерине карабастан АКШнын Түндүк Кореяга карай сакцияларын улантышын айыптаган болчу.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео болсо, Орусия баш болгон бардык өлкөлөрдү Түндүк Кореяны бутага алган санкцияларды кандайдыр бир түрдө бузбоого чакырган.

АКШнын президенти Дональд Трамп тарыхый чечим чыгарып Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда жолуккан болчу.

Эки лидер Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы үчүн АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн уланышы темасында макулдашуу келишимине кол коюшкан эле.



Тектеш кабарлар