Орусия АКШнын санкциясына сөзсүз жооп кайтарат

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, акыркы санкция чечимин Вашингтондун «жаңы душманча кадамы» катары санагандарын белгиледи.

Орусия АКШнын санкциясына сөзсүз жооп кайтарат

Орусия, АКШ тарабынан Англиядагы Скрипал окуясын себеп көрсөтүп киргизген жаңы санкциясына сөзсүз жооп кайтарыла турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, акыркы санкция чечимин Вашингтондун «жаңы душманча кадамы» катары санагандарын белгилеп, «Сөз болуп жаткан орус тарабынын фантазиялары эмес, жооп мүнөзүндөгү чара көрүүлөрү. Орусия, АКШнын санкцияларына жооп кайтарат. Москванын жообунун көлөмү АКШлык сенатордун жана саясат лоббисинин бул ирет эмнелерди ойлоп тапканына жараша формаланат»,-деди.

Орусиянын Солсберидеги окуяларга аралашканы айтымдарына да жооп берген Захарова, АКШнын тескерисинче Орусия инвентарындагы бардык химиялык куралдарын жок кылганына басым жасады.

Захарова, «бул чындыкка карабастан багытталган күнөөлөөлөрдүн негизсиз жана сандырактык» экенин айтты.

Англиянын тышкы чалгындоо кызматы МI6 үчүн иштегени белгилүү болуп калганда өлкөсүндө камакка алынган жана кийинчерээк тыңчы айырбаштоо аркылуу Англияга кеткен орус тыңчысы Скрипал менен кызы 4-мартта Солсберидеги бир банкта аң-сезимин жоготкон абалда табылды.

Ооруканадан чыгарылган ата-кыздын дарылануулары үйүндө улантыла турганы жарыяланган.

Англия, Скрипал менен кызынын ууланышында Орусия тарабынан импорттолгону айтылган, аскердик мүнөздөгү жана нерв системасына таасир этүүчү химиялык заттардын колдонулганынын аныкталганын жарыялаган.

Бул заттын Советтер Союзу тарабынан 1970-жылы жана 1980-жылдарда өнүктүрүлгөн «Новичок» аттуу химикат тобунан экенин белгилеген.



Тектеш кабарлар