174 миллион жылдык сөөк калдыгы табылды
Динозаврдын жаңы түрү аныкталды.
Кытайда 174 миллион жылдык динозавр калдыгы табылды.
«Nature Communication» журналында жарыяланган изилдөөгө караганда, Лингвулонг (кереметтүү ажыдаар) деп аталган динозаврдын бою 10-15 метр.
Кичине баштуу жана салмагы 70 тонна болгон бул динозаврдын, майда топтор түрүндө жүргөндөрү белгиленди.
Буга чейинки изилдөөлөргө караганда, «Лингвулонг» динозаврына таандык болгон Диплодоки тукумунун 160 миллион жыл мурда жашагандыгы билдирилген.
Бирок жүргүзүлгөн бул акыркы изилдөөнүн негизинде аты аталган түрдүн андан байыркы экендиги аныкталган болду.
Бул изилдөөнүн байыркы замандарга таандык сөөктөрдү табуу жагынан жаңы белги болгондугу айтылууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.