Путин менен Нетаньяху жолукту

Жолугушуу Москвада өттү.

Путин менен Нетаньяху жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолукту.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин Нетаньяху менен борбор шаар Москвада жолугаар алдында маалымат берип, Орусия менен Израилдин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын өнүккөнүн айтты.

Карым-катнаштардын экономикалык жактан гана эмес, берки тармактарда да оң жүрүп жатканын баса белгилеген Путин: «Жалпысынан алганда эки тараптуу алакалар абдан жакшы уланып жатат. Бул абал ошол эле учурда саясий карым-катнаштар үчүн да жарактуу. Аскердик байланыштар жакшы деңгээлде болууда. Бул жакшы деңгээл гуманитардык тармактар үчүн да жарактуу»,-деп сереп салды.

Нетаньяху болсо Орусияга жасаган ар бир сапарын жана Путин менен жолугушуусун, аймакта жана дүйнөдө ишенимди, коопсуздукту арттыруу үчүн чогуу иштешүү мүмкүнчүлүгү катары сыпаттады.

Жолугушууда Сирия жана Иран темасына басым жасагандарын белгилеген Нетаньяху, бир канча күн мурда Сириядан Израилге кирип кеткен учкучсуз учуучу аппараттын ийгиликтүү атып түшүрүлгөндүгүн эске салды.

Нетаньяху: «Аба мейиндиги жана кургактык сууларынын мыйзамдарын бузуу аракеттерине катуу кысым көрсөтө турганыбызды баса белгилей кетким келет»,-деди.

Жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана аты аталган маселелерди талкуулагандыгы үчүн Путинге ыраазы экенин айткан Нетаньяху: «Ортобуздагы кызматташтык, бүткүл аймакка ырааттуулук алып келген маанилүү фактор болуп саналат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар