Орусиядан Грецияга жооп

Орусия Грециянын орус дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп берилерин билдирди.

Орусиядан Грецияга жооп

Орусия Грециянын орус дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп берилерин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Грециянын эки орус дипломатты өлкөдөн чыгарып, экөөсүнүн  өлкөгө киришине тыюу салуу чечимине ошондой жооптун берилерин билдирди. Министрлик журналисттердин Грециянын орус дипломаттарга санкция киргизүү чечими тууралуу суроосуна жооп берди.

Маалыматта : «Буга окшогон абалдардан кийин жооп кайтаруу үчүн чара көрүлөт»,- деп билдирилди.

Грециянын «Катимерини» гезитинин дипломатиялык булактарга таянып берген кабарына караганда өкмөт : «Грециянын улуттук коопсуздугун коркутуучу кыймылдарда болду»,- деген негиз менен төрт орус дипломаттан экөөсүн өлкөдөн чыгаруу, экөөсүнө да өлкөгө киришине тыюу салуу чечимин чыгаргандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар