Кытайда кургакчылык күч алууда

Кургакчылыктын уланышы күтүлүп жатат.

Кытайда кургакчылык күч алууда

Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу аймагында 4 миллиондон ашуун киши кургакчылык менен күрөшүүдө.

Жооптуу кызматкерлер аймакта 650 миң кишинин да таза суу тартыштыгы менен бетме-бет келгендигин белгилеп, 398 миң гектардык талаанын кургакчылыктан терс таасирленгенин билдиришти.

Жергиликтүү башкаруучулуктун аймакка 26 миллиаон юань (орто эсеп менен 4 миллион АКШ доллары) бөлгөндүгү белгиленсе, кургакчылыктын уланышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар