Индияда сел жүрдү
Сел 21 кишинин өмүрүн алды.
994265
Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам аймагында муссон жамгырлары себепчи болгон селдерден 21 киши көз жумду.
Маалымдалгандай муссон жамгырлары өлкөнүн көптөгөн аймагында суу ташкындоолорго алып келди.
Ассамда акыркы 4 күндүк ичинде 21 кишинин каза болгону, 42 миң 500 кишинин селдерден таасирленгендиги билдирилди.
Аймактагы 3 миң 292 гектардык аянтта 716 айылды суу каптаганы, миңдеген кишинин коопсуз аймактарга көчүрүлгөндүгү белгиленди.
Метеорология кызматынын билдирүүсүндө болсо, жамгырлардын берки аймактарда да таасирдүү болоору боюнча эскертилди.