Орусиянын президенти В. Путин Илхам Алиев менен жолугушту

Жолугушууда Путин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын да иреттүү түрдө улантылгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Орусиянын президенти В. Путин Илхам Алиев менен жолугушту

Орсиянын президенти В. Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Дүйнөлүк футбол чемпиондугунун ачылуу аземине катышуу үчүн Москвага барган Алиев менен жолугушту. Алиевдин 30 -  августта Орусияга сапар менен барарын эске салган Путин : «Карым  - катнаштарыбыз абдан ийгиликтүү. 2017 -  жылы соода көлөмү 34, 4 пайызга өстү. 2018 -  жылдын биринчи чейрегинде да 19 пайызга өстү. Тактап айтканда колдоого алынышы керек болгон мыкты бир темп бар»,- деди.

Путин эки өлкөнүн ортосундагы саясий карым  - катнаштардын да иреттүү түрдө улантылгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Илхам Алиев да Орусия менен Азербайжандын ортосундагы карым  - катнаштардан кубанычтуу экендигин билдирди.

Орусия менен дос, союздаш жана стратегиялык өнөктөш экендерин баса белгилеген Алиев : « Бул жылы жана өткөн жылы экономикалык тармактагы динамикалар оң баратат. Экономикалык карым  - катнаштарыбызды кеңейте турган пландарыбыз бар. Түндүк  - түштүк проектисинин жыйынтыктарын так түрдө көрүп жатабыз. Орусиядан Азербайжан аркылуу жүк ташуу артып баратат жана бул аткарган иштерибиздин оң жыйынтыгы»,- деди.

 



Тектеш кабарлар