Хусилерден Сауд Аравияга ракеталык кол салуу

Йемендеги хусилердин Сауд Аравиянын түштүгүндөгү Жазан шаарына аткан баллистикалык ракета абада жардырылды.

Хусилерден  Сауд Аравияга ракеталык кол салуу

Йемендеги хусилердин Сауд Аравиянын түштүгүндөгү Жазан шаарына аткан баллистикалык ракета абада жардырылды.

Сауд Аравиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү «Ел  - Ихбариййенин» кабарына ылайык хусилердин Сауд Аравияга аткан баллистикалык ракета абадан коргонуу күчтөрү тарабынан Жазан шаарынын үстүндө жардырылгандыгы белгиленди.

Кабарда бул тууралуу кенен маалымат берилген жок. Бир тараптан хусилерге таандык «Ел  -  Месира» телекөрсөтүүсүнүн кабарында болсо хусилердин Бедр  - 1 моделиндеги баллистикалык ракета менен Жазандагы Ел  - Файсал аскердик аймагын бутага алгандыгы билдирилди. Мунун хусилердин бир гана рамазан айында Сауд Аравия жерлерине аткан 10 -  баллистикалык ракета экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар