Индияга чагылган түштү

Чагылган 10 адамдын өмүрүн алды.

Индияга чагылган түштү

Индиянын Батыш Бенгалия аймагында чагылган түшүп 10 киши каза тапты.

Синьхуа агенттиги, Батыш Бенгалиянын Банкура, Хугли, Миднапоре, Бирхум жана Парганас аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен болгон чагылгандардан көп сандаган адамдын да жаракат алгандыгын билдирди.

Бул учурда катуу жааган жамгыр Колката шаарында суу каптоолорго жана поезд каттамдарынын токтошуна алып келди.

Метеорология кызматкерлери, катуу жамгырдын уланышын күткөндөрүн билдиришти.



Тектеш кабарлар