Алиев: «ТАНАП Түркия менен Азербайжандын жетишкендиги болуп саналат»

Президент Алиев, Эскишехирде өткөрүлгөн Транс Анадолу газ кууру долбоорунун ачылыш аземине катышты.

Алиев: «ТАНАП Түркия менен Азербайжандын жетишкендиги болуп саналат»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Транс Анадолу газ кууру долбоорунун (ТАНАП) ачылышынын Түркия менен Азербайжандын лидерлеринин акылман жана күчтүү саясий эрктүүлүгүнүн негизинде мүмкүн болгонун белгиледи.

Алиев, Эскишехирдин Сейит Гази районунун Аксаклы кыштагында өткөрүлгөн Транс Анадолу газ кууру долбоорунун ачылыш аземине катышты.

Илхам Алиев өлкөсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде камсыздалган жетишкендиктерге абдан кубангандарын белгилеп: «Президент Эрдогандын талыкпас эмгектеринин негизинде Түркия дүйнөлүк масштабдагы чоң күчкө айландырылды. Түркия ал эмес дүйнөлүк күн тартипти белгилеп жатат. Биз Азербайжанда буга кубанычтабыз, Түркиянын күчү биздин күчүбүз болуп саналат, биздин күчүбүз биздин биримдүүлүгүбүздө»,-деди.

Түркия менен Азербайжан сыяктуу дүйнөдө бири-бирине мынчалык жакын жана бирин-бири колдогон өлкөлөр жок экенин айткан Алиев: «Түркия-Азербайжан биримдиги жана туугандыгы өлкөбүз, элибиз, аймагыбыз жана Евразия үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет. Учурда ТАНАПтын ишке кириши Түркия менен Азербайжандын жетишкендиги болуп саналат»,-деп айтты.

ТАНАПтын президент Эрдоган менен ишке ашырган биринчи долбоор эмес экенин түшүндүргөн Алиев, буга чейин 2006-жылы Баку-Тбилиси-Жейхан долбоорун, ал эми 2007-жылы Баку-Тбилиси-Эрзурум газ куурун жана былтыр болсо Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун ачылышын жасагандарын эске салды.



Тектеш кабарлар