Түндүк Корея ядролук куралдардан тазалангысы келет

Трамп Сингапурга үмүттүү барат.

988552
Түндүк Корея ядролук куралдардан тазалангысы келет

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Түндүк Кореянын ядролук куралдардан арылтылуу темасында ынтызар экенин айтты.

Помпео, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 12-июнда Сингапурда өткөрө турган жолугушуусуна байланыштуу Ак үйдө маалымат жыйын өткөрдү.

Майк Помпео: «АКШ менен Түндүк Корея өткөрүлө турчу жыйын боюнча түздөн-түз сүйлөшүүдө. Түндүк Корея ядролук куралдардан тазаланууга ынтызар»,-деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сингапурга үмүттүү бараарын айткан Помпео: «Бирок этияттуу болот. Буга чейин канчалык жаман келишимдердин түзүлгөнүн көрдүк»,-деп кошумчалады.

Трамп Япониянын премьер-министри Цинзо Абэ менен Ак үйдөгү жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын лидери менен Сингапурда өткөрө турган жыйындын күткөнүндөй болгон учурда, Кимди Ак үйгө чакыра турганын айткан эле.



Тектеш кабарлар