Узак өмүр сүрүү үчүн ылдам басуу керек

Өмүрдү узартуунун жолу.

Узак өмүр сүрүү үчүн ылдам басуу керек

Узак өмүр сүрүү үчүн ылдам басуу керек.

Англиядагы «Спорттук медицина» журналында жарыяланган изилдөө, узак өмүр сүрүү менен басуу ылдамдыгынын ортосундагы байланышты ортого салды.

Англиялык жана австралиялык илимпоздор, ылдам баскан адамдардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучунун чоң өлчөмдө азайгандыгын билдиришти.

Ылдам баскан 60 жаштан жогорку курактагылардын жүрөк ооруларынан жабыркоо коркунучу 53 пайыз азайганы байкалды.

Изилдөөчүлөр саатына 5-7 километрдик ылдамдыктын жетиштүү экенин маалымдашты.

Анын максаты жүрөк ритмин тездетүү экенин айткан дарыгерлер, бираз тердегенге чейин ылдам басууну сунушташууда.

Англиялык изилдөөчүлөр, күнүгө кеминде 30 мүнөт спорт менен машыгуу жана туура тамактануу аркылуу өмүрдү 10 жыл узартса болоорун белгилешти.



Тектеш кабарлар