Кытай АКШны провокациялык кыймылдарды токтотууга чакырды

Кытай, Вашингтон бийлигине провокациялык кыймылдардын соңуна чыгарылышы чакырыгын салды.

980253
Кытай АКШны провокациялык кыймылдарды токтотууга чакырды

Кытайдын Тышкы иштер жана Коргоо министрликтери АКШга таандык согуштук кемелердин Түштүк Кытай деңизиндеги Шиша аралдары орун алган сууларга кирүүсүнө каршылык көрсөтүп, Вашингтон бийлигине, провокациялык кыймылдардын соңуна чыгарылышы чакырыгын салды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Канг, жазуу түрүндөгү жарыясында АКШ флотунун  Higgins жана Antietam эсминецтеринин аты аталган аймакка уруксатсыз киргенин белгилеп, Кытайдын АКШнын бул кыймылдарынан күчтүү түрдө тынчсызданганын жана чечкиндүү түрдө каршы чыкканын билдирди.

Лу Канг, Вашингтон бийлигине кайрылып, «Кытайдын коопсуздугун коркунучка сала турган мындай провокациялык кыймылдарды соңуна чыгаргыла»,-деп айтты.

Катчы Лу, Пекин бийлигинин улуттук эгемендик жана коопсуздугун коргош үчүн керектүү кадамдарды таштоосун уланта турганын белгилеп өттү.

Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Кытайдын согуштук кемелеринин АКШнын согуштук кемелерин аймакты таштап кетүүлөрү багытында эскертиш үчүн тийиштүү сууларга өткөрүлгөнү белгиленди.

Шиша аралдарынын Кытайдын эгемендиги астында экени жакталган жарыяда, Кытай жана эл аралык укукту АКШнын бузуусуна чечкиндүү түрдө каршы экендиктери белгиленди.

Кытайдын флотунун деңиз жана абада боло турган кагылышууларга каршы даярдыгын күчтөндүрүп, коргонуу деңгээлин арттыруу, улуттук эгемендик жана коопсуздукту, аймактык тынчтык жана ырааттуулукту коргоого чечкиндүү болгону баса белгиленди.

Кытай, дүйнөнүн эң маанилүү деңиз багытынан болгон жана бай мунай зат резервдери орун алганы белгиленген Түштүк Кытай деңизинин 80 пайызынын үстүндө, 1947-жылы жарыялаган 9 үзүк чийиндүү карталары менен укугу бар экенин жактоодо. Кытай, АКШнын согуштук кемеси менен бул аймакта тез-тез бетме-бет келгенин билдирди.

Эгемендик араздашуулары болгон бул аймакта Филиппин, Вьетнам, Малазия, Бруней жана Тайван да укуктары бар экенин жакташууда.

Пекин бийлигинин талаштуу сууларда курган жасалма аралдарынын үстүнө база салып куралдандырганы боюнча айтымдар аймак өлкөлөрү менен чыңалуу жаратууда.



Тектеш кабарлар