Трамптан Түндүк Кореяга "ачык каалга"

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүгө жакын боло турган болсо, каалаган учурда аны менен жолугушарын айтты.

979043
Трамптан Түндүк Кореяга "ачык каалга"

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүгө жакын боло турган болсо, каалаган учурда аны менен жолугушарын айтты.

Дональд Трамп Ак үйдө берген маалыматында 12 -  июнда Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким менен өткөрө турган жолугушууну жойгондугуна байланыштуу маалымат берди.

Трамп : «12 -  июнда Сингапурда өткөрүлүшү пландалган саммитти жоюу чечимин чыгардым. Мунун Түндүк Корея жана дүйнө үчүн  артка кадам таштоо болгондугуна ишенип жатам»,- деди.

Түндүк Кореянын лидери Кимдин таштай турган оң кадамдарын күтүп жаткандыгын айткан Трамп : «Түндүк жана Түштүгү менен Корея калкы тынчтык, бейкуттук жана шайкештик ичинде жанаша жашоого ылайыктуу. Бул бир гана атомдук курал коркутуусу жок болгондо гана мүмкүн болот. Эгерде Ким Чен Ын сүйлөшүүгө жакын боло турган болсо, качан кааласа сүйлөшүүнү күтүп жатам. Бул убакыттын ичинде күчтүү санкция жана максимум кысымдарыбыз улантылат»,- деди.

Дональд Трамп Түндүк Корея менен абал оңолбосо АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын аскердик жактан даяр турарына көңүлдөрдү буруп : «Генерал Маттис жана башкы штабдын төрагасы менен сүйлөштүм, эгерде керек болсо армиябыз даяр. Түштүк Корея жана Япония менен да сүйлөштүм, эгерде Түндүк Корея жаңылыш кадам таштай турган болсо алар да даяр жана ортого чыга турган финансылык жүктүн көпчүлүгүн камсыз кылууну да каалап жатышат»,- деди.

Түндүк Кореянын келечеги тууралуу оң абалдардын болушун каалаган Дональд Трамп : «Болбосо биз ар дайымкыдан ашыкчасы менен даярбыз»,- деп Пхеньян өкмөтүн коркутту.



Тектеш кабарлар