Антарктидада көлөмү чоң үч каньон табылды

Бул каньондор муз катмарларынын астында жайгашкан.

Антарктидада көлөмү чоң үч каньон табылды

Илимпоздор Антарктидада ири көлөмдөгү үч каньон аныкташты.

Англиядагы Northumbria университетинен др. Kate Winter жана аны коштогон топ, радардык иликтөөлөрдүн негизинде Антарктидадагы муз катмарларынын астында үч каньон табышты.

«Foundation» аттуу каньондордун эң чоңунун узундугу 350 километр жана туурасы 35 километр.

Бул каньондордун муз катмарларынын кыймылдуулугунда маанилүү роль ойнгону белгиленүүдө.

Англиялык изилдөөчү др. Фаусто Ферраччоли, каньондор жайгашкан аймактын Антарктидадагы анча билинбеген аймактардын бири экенин айтты.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Geophysical Research Letters» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар