Трамп Ким менен жолугушууну каалабай жатабы?

Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда болушу пландалган жолугушууну жойгонун жарыялады.

978452
Трамп Ким менен жолугушууну каалабай жатабы?

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда болушу пландалган жолугушууну жойгонун жарыялады.

Трамп, жолугушууну жойгону жөнүндө Түндүк Кореянын лидерине кат жолдоду.

Ак үй Трамптын Кимге жолдогон катын бөлүштү.

Жолугушуунун жоюлушуна себеп катары Ким Чен Ындын акыркы жарыялоолорунда «катуу ызалануу жана ачык душмандык» болгонун көрсөткөн Трамп, жолугушуунун ишке ашышынын ушул убак үчүн ылайыктуу болбогонун белгиледи.

Катында «Көптөн бери пландалган жолугушуунун учурда өткөрүлүшүнүн туура болбой турганын сезүүдөмүн»,-деп жазган Трамп: «Ошондуктан бул катты Сингапур саммитинин эки жактын тең пайдасына, бирок дүйнө жүзүнө зыян тийгизе тургандай түрдө кабыл алынбай турганынын билдирүүсү катары кабыл алышыңызды суранам»,-деп жазган.

АКШнын президенти Трамп катында: «Ядролук куралыңыздын күчү туурасында айтып жатасыз, бирок биздики ушунчалык чоң жана күчтүү болгондуктан Теңирге эч качан колдонбообуз үчүн дуба кылуудамын»,-деп жазды.

Трамп дүйнөнүн бирок өзгөчө Түндүк Кореянын маанилүү мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибергенин айтса, эркин кое берилген 3 америкалык туткун үчүн да ырахматын айтты.

Трамп катында Түндүк Кореянын лидери менен бир күнү жолугушууну каалаганын да белгилеп өттү. Дональд Трамп катында Түндүк Кореянын лидери Кимге: «Эгерде пикириңди өзгөртсөң мага телефон чалуудан тартынба»,деп билдирди.

АКШнын президенти Трамптын Ким менен саммитти кийинкиге жылдыруу чечими, Түндүк Кореянын ядролук курал сыноо аянтын чет элдик журналисттердин көз алдында жок кылып убадасын аткарган күндө чыкты.


Этикеткалар: #Трамп , #Ким Чен Ын

Тектеш кабарлар