Түндүк Корея АКШ менен атомдук келишим түзбөсө Ливия модели ишке ашырылабы?

Американын «Fox News» каналына маек куруп берген вице-президенти Майк Пенс, Түндүк Корея темасында катуу сөздөрдү айтты.

Түндүк Корея АКШ менен атомдук келишим түзбөсө Ливия модели ишке ашырылабы?

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) вице-президенти Майк Пенс, өлкөсү менен атомдук келишим түзүү темасында Түндүк Кореяны эскертип, андай болбосо бул өлкөнүн Ливия сыяктуу боло турганын билдирди.

Американын «Fox News» каналына маек куруп берген Пенс, Түндүк Корея темасында катуу сөздөрдү айтты.

Пенс: «Өткөн аптада Ливия модели тууралуу бир канча сүйлөшүүлөр бар болчу. Бул темада АКШнын президенти Дональд Трамптын ачык айтканы сыяктуу эгерде Ким Чен Ын бир келишим түзбөсө, жалгыз ошондо гана (Түндүк Корея) Ливия модели менен жыйынтыкталышы мүмкүн»,-деп айтты.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Түндүк Корея темасында «Ливия модели» сунуштоосу тууралуу өткөн аптада маалымат берген Трамп, 2003-жылы ал убактын АКШ президенти Жорж В.Буштун Ливия менен түзгөндөй келишимди Пхеньян менен түзгүсү келбегенин айткан.

Кеңешчиси Болтондун «Ливия модели» сунушун четке каккан Трамп: «Ливия модели абдан башкача нерсе болчу. Биз Ливияны маанилүү өлчөмдө жок кылдык. (Кулатылган лидер Муаммер) Каддафини кызматта кармоо сыяктуу келишим жок болчу. Эгерде (Түндүк Корея менен) келишим түзө албасак, анда балким модель күн тартипке келиши мүмкүн»,-деп сереп салган.

Ливиянын мурдагы лидери Муаммер Каддафи 2003-жылы атомдук программадан баш тартууга жооп иретинде эмбарголордун жоюлушу үчүн батыштык күчтөр менен макулдашкан жана 8 жылдан кийин Батыш колдогон козголоңчу күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн.

Түндүк Кореяда терс чагылышканы билдирилген «Ливия модели» маалымдоолорунун жаңырыктары уланып жатканда АКШнын вице-президенти Пенстин дагы бир жолу бул теманы күн тартипке алып чыгышы талаш-тартыштарды күчөтө турганы белгиленген.

Майк Пенс, айрыкча Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга алдыдагы айда өткөрүлүшү пландалган саммит ишке ашкан учурунда, президент Трампты «алаксытпоо» эскертүүсүн кылды.

Пенс мунун «чоң жаңылыштык боло турганын» айтып, жылыш болбогон учурунда Трамптын саммитти таштап кете турганы темасында эч кандай шеги жок экенин баса белгиледи.

Майк Пенс: «Трамптын бул иштин эл менен байланыштар жагын ойлой турганын божомолдой албайм, президент тынчтыкты ойлоп жатат»,-деп кесе айтты.

АКШнын президенти Трамп, өткөн аптадагы билдирүүсүндө 12-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен пландалган жолугушуунун акыбети туурасында «Азырынча бир нерсе көрө элекпиз, уга элекпиз. Бизге эч кандай билдирүү келген жок. Эмнелер боло турганын көрө жатабыз» деген серебин салган.

Түндүк Корея, АКШ жана Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуусун «провокация» деп мүнөздөп, Түштүк Корея менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жоюп, Трамп менен Кимдин ортосунда өткөрүлүшү пландалган жолугушуунун да коркунучка түшө турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар