Трамптын олдоксондугунун кесепеттери

Дональд Трамп кылыктарына дагы бирөөнү кошту.

Трамптын олдоксондугунун кесепеттери

АКШнын президенти Дональд Трамп кылыктарына дагы бирөөнү кошту.

АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter баракчасына жубайын ооруканадан чыгышы менен куттуктап жазган постунда анын атын туура эмес жазып алды. Андан соң Твиттерде шылдың болду.

Американын лидери жубайын Мелани деп атаган. 

"Эң сонун! Биздин татынакай биринчи айым Ак үйгө кайтып келди. Мелани өзүн абдан жакшы сезип жатат", — деп жазган Трамп. 

Бир нече убакыттын кийин ал твитти өчүрүп, "Меланья" деп оңдоп жазып кайра башынан жарыялаган. 

Меланья Трамп Уолтер Рид атындагы улуттук аскерий-медициналык борбордо бир жума дарыланып чыгып Ак үйгө келген. Ушул жуманын башында анын бөйрөгүнө операция жасалган болчу.

Твиттер колдонуучулары бир топко дейре Трамптан Меланинин ким экенин сурап жатышты.


 


Этикеткалар: Ак үйгө , АКШнын , Трамп

Тектеш кабарлар