Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда баш калкалоочу кризиси күчөп баратат

Түндүк Корея, Түштүк Кореяга кеткен 13 жумушчунун өлкөгө кайтарылып берилишин талап кылды.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда баш калкалоочу кризиси күчөп баратат

Түндүк Корея, 2016-жылы Кытайдагы бир ресторанда иштеп жүрүп Түштүк Кореяга кеткен 13 жумушчунун өлкөгө кайтарылып берилишин талап кылды.

Кытайдын Түштүк Чыгышындагы Чжэцзян провинциясынын Нинбо шаарындагы Түндүк Кореянын ресторанында иштеген 12си аялдан турган 13 түндүк кореялык жумушчунун бул өлкөгө баш калкалоосу тууралуу талкуулар уланууда.

Түндүк Кореянын жооптуу кызматкерлери жумушчулардын кайтарылышы үчүн Түштүк Кореяга кайрылса, бул жумушчулардын баш калкалабай эле уурдалып кеткендери боюнча айтымдар ортого салынды.

Түштүк Кореядагы Йонхап агенттигинин Түндүк Кореянын маалымат агенттиги KCNAга таянып берген маалыматына караганда Түндүк Кореянын Кызыл крест коомунан бир жооптуу кызматкер, «Түштүк Кореялык органдар, Парк режиминин угула элек зулумдугун кабыл алышы керек, бул окуяга кошулгандарды эң оор түрдө жазаландырышы керек, айым жарандарыбызды үй-бүлөлөрүнө кечиктирбестен жибериши керек жана ушундайча Түндүк-Түштүк карым-катнаштарынын өнүгүүсү багытындагы каалоолорун көрсөтүшү керек. Келечектеги мамилелерин кылдат байкайбыз»,-деп айтты.

Аты аталган кишилердин «мажбурлап качырылып кектени» жөнүндө оюн айткан Кызыл кресттин кызматкери, Кытайдагы Түндүк Корея ресторанынын башкаруучусу экени билдирилген кишинин Түштүк Кореянын телеканалына берген маалыматтары адам уурдоо окуяларын ырастап турганын жактады.

Түндүк Корея жумушчуларынын уурдалышынын Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчысы Парк Гюн-ги башкаруучулугу тарабынан пландалганын алдыга коюп, Сеулдун учурдагы өкмөтүнүн, мураскеринин жаңылыштыктарын моюнга алышы жана оңдоосу керектигин айтты.

Түштүккө баш калкалаган түндүк кореялык качкындардын өздүктөрүнүн, өлкөлөрүндө калган үй-бүлөлөрүнүн жазаланыдырыла турганы коркунучу менен жашыргандары билдирилүүдө.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчыларынын Лю Канг, түндүк кореялык жумушчулардын көп сандаган баш калкалоочунун тескерисинче өлкөгө мыйзамдуу жолдор менен киргенин жана 2016-жылы 6-апрелде Кытайдын чек арасынан жарактуу паспорт менен чыкканын айтып чыккан.

Түштүк Кореялык жооптуу кызматкерлер да мындан мурдагы жарыялоолорунда бул 13 кишинин баш калкалаганын билдирген.

Сеул өкмөтүнүн каттоолоруна караганда 1950-53-жылдар аралыгындагы Корея согушу аяктагандан бери өлкөдөгү ачарчылык жана Пхеньян бийлигинин жүргүзгөн аесуз саясатынан качкан 29 миң түндүк кореялык Түштүк Кореядан башпаанек алган.

Түндүк Кореянын көпчүлүгү Азияда болуп ар башка өлкөлөрдө 130 ресторан иштеткени жана бул ресторандарда иштей турган кишилердин жалпысынын Пхеньян бийлиги тарабынан тандалганы белгилүү.



Тектеш кабарлар