Палестина Европадагы төрт элчисин чакырды

Кудстагы аземге европалык төрт өлкөнүн Израилдеги элчиси да катышкан.

Палестина Европадагы төрт элчисин чакырды

Палестина Европадагы төрт элчисин кеңешүү үчүн чакырды.

Палестинанын тышкы иштер министринин орун басары Тейсир Жерадат: «Палестинанын Австрия, Венгрия, Румыния жана Чех Республикасындагы элчилери кеңешүү максатында чакырылды»,-деди.

Жерадат, бул төрт өлкөнүн Израилдеги элчилеринин АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү аземине катышкандарынын себебинен ушандай кадам ташталгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар