Израилдин зулумдугу уланып жатат

Митинг өткөргөн палестиналыктардын айрымдары камакка алынууда.

Израилдин зулумдугу уланып жатат

Израиль митингке чыккан палестиналыктарды камакка алды.

Газа тилкесинде АКШ элчилигин Кудска көчүрүүсүнө каршылык көрсөтүү жана Чоң апаат же Накбанын 70 жылдыгын эскерүү үчүн митинг өткөргөн палестиналыктардын айрымдарын Израиль аскерлери камакка алды.

Палестиналык жаштардын израилдиктер тарабынан камакка алынышы боюнча ушул убакка чейин кандайдыр бир толук маалыматтар бериле элек.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө, кечээтен бери Газанын чыгышында өткөрүлгөн митингдерде шейит болгондордун саны 62ке жеткени, ал эми  жаралангандардын саны 2 миң 770тен ашканы айтылууда.

Билдирүүдө каза болгон 62 адамдын сегизи 18 жашка чейинки балдар экендиги, жаракат алгандардын да 225и балдар жана 86сы аялдар экени маалымдалды.



Тектеш кабарлар