Иванка атасынын эсирген эрке кызы

«Daily News» гезити Трамптын кызын сынга алды.

ivanka trump kudus1.jpg
ivanka trump kudus1.jpg

Американын «Daily News» гезити, АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка үчүн «Атасынын эсирген эрке кызы» деген сөздөрдү колдонду.

Дональд Трамп, 14-майда Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү аземине кызы Иванканы жиберген болчу.

Концерттердин коштоосунда ачылыш болгон аянтта, Израилдин күч колдонуусу кыргынга айланып, 62 палестиналык Израилдин аскерлеринин огунан көз жумган болчу.

«Daily News» гезити, Кудста дүйшөмбү күнү болгон окуяларды башкы бетте берген макаласында, Трамптын кызы Иванканы «Атасынын эсирген эрке кызы» деп сыпаттады.

Гезитте ошондой эле: «Газада ондогон киши өлтүрүлдү бирок Иванка АКШ элчилигинин ачылышында тынбай күлдү»,-деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар