Газа Израиль жиберген жардамдарды кабыл алган жок

Палестиналык жаштар бүгүн эрте менен медициналык материалдардын Керем Эбу Салим чек ара капкасынан Газага кирүүсүнө тоскоол болуп, Израилга кайра жиберди.

Газа Израиль жиберген жардамдарды кабыл алган жок

 

Газа «Улуу жүрүштө» Израиль аскерлери тарабынан атылган окто жаралангандар үчүн Израиль тарабынан жиберилген дары жана медициналык материал жардамынын кабыл алынбагандыгын билдирди.

Палестиналык жаштар бүгүн эрте менен Израиль чукул жардам кызматы Кызыл Давут Жылдызы мекемеси тарабынан жиберилген дары жана медициналык материалдардын Керем Эбу Салим чек ара капкасынан Газага кирүүсүнө тоскоол болуп, Израилга кайра жиберди.

«Улуу жүрүш» жана Курчоону бузуу жүрүшүнүн жогорку улуттук комитетинен берилген маалыматта : «Палестиналык  жарандарды өлтүргөн Израиль дары жана медициналык материал жардамдарын жиберүү менен имиджин жакшыртууга аракет кылууда жана биз муну кабыл ала албайбыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар