Түндүк Кореянын ядролук курал сыноочу аянты кыйрап калганы жөнүндө айтымдар бар

Бул айтымдар кытайлык илимпоздордон келди.

958948
Түндүк Кореянын ядролук курал сыноочу аянты кыйрап калганы жөнүндө айтымдар бар

Түндүк Кореянын ядролук сыноо аянтынын кыйрап жарактан чыкканы боюнча айтымдар бар.

Бул айтымдар кытайлык илимпоздордон келди.

 South China Morning Post гезитинин маалыматына караганда Кытайдын илим жана технология университетинен жер титирөөнү изилдөөчүлөр, Түндүк Кореядагы атомдук сыноо аянты Пунгиеринин бир бөлүгү кыйрап калганынын белгиленгенин билдирип, бул жерде дагы бир жолу ядролук бомба сыналган учурунда мунун «экологиялык апаатка алып бара турганын» айтып чыгышты.

Илимпоздор, Түндүк Кореянын акыркы ядролук сыноосунун Мантап тоосунун астында сыналганда бир аз деформацияга себеп болгонун ойлоп жатышат.

Пхеньян бийлиги 2006-жылдын 3-сентябрынан бери эң күчтүү жана 6-ядролук сыноосун кылган.

Спутниктен тартылган фотосүрөттөр, ядролук сыноо болгон Пунгиери комплекси жана анын жакынында жер көчкү болгонун көрсөтүп турат.

Түндүк Корея, Сеул жана Вашингтон бийликтери менен боло турган саммиттердин алдында аядролук жана материктер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтото турганын жарыялаган.

Түндүк Кореяда октябрь айында ядролук сыноо аянтында тоннелдин кулашынын себебинен орто эсеп менен 200 киши каза тапканы айтылган.



Тектеш кабарлар