Иракта кыргыз аялга өлүм жазасы берилди

Борбордук кылмыш соту өкүмүн чыгарды.

Иракта кыргыз аялга өлүм жазасы берилди

Иракта террордук уюм ДЕАШка мүчө чет өлкөлүк 7 аялга өлүм жана өмүр бою абак жазасы берилди.

Ирактын Жогорку соттук кеңеши тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Борбордук кылмыш соту ДЕАШка мүчө 3 азери, бир кыргыз аялга өлүм жазасы, бир француз жана эки орус аялга болсо өмүр бою абак жазасын бергени белгиленди.

Борбордук кылмыш соту, буга чейин террордук уюм ДЕАШка мүчө бир немис жаранын өлүм жазасына тарткан болчу.



Тектеш кабарлар