АКШдан качкандар көбөйдү
Миңдеген адам Канадан башпаанек сурады.
АКШнын президенти Дональд Трамптын 2017-жылдын 20-январында кызматын баштагандан кийин өлкөдөн качкандардын саны көбөйдү.
Трамптын саякат кылууларына тыюу салган өлкөлөрдүн жарандары менен катар миңдеген баш калкалоочу Канададан башпаанек сурады.
2017-жылдын январь айынан бери АКШдан Канадага 25 миң башпаанек талап кылынды.
Мындагы өсүүдө президент Трамптын айрым өлкөлөргө саякат кылаарына тыюу салганы жана мусулмандарга каршы катуу саясаты таасирдүү болду.
Канада болсо күн жылып калгандыктан башпаанек талабынын дагы да көбөйөөрүнө каршы чара көрө баштады.
Канаданын Миграция жана качкындар министрлиги, акыркы айларда көрсөткүчтөрдүн өскөнүн баса белгиледи.
Канададагы ооруканаларда бейтаптардын санынын болсо бир жылдын ичинде 45 пайыз өскөнү белгиленди.