Түндүк Корея Германияны коркутууда

Гезит кабарына булак катары жолугушууга катышкан эл өкүлдөрүн көрсөттү.

Түндүк Корея Германияны коркутууда

Германиянын тышкы чалгындоо уюму BND, Түндүк Кореянын ракеталарынын Европага жеткидей абалда болгону менен эскертти.

Германиянын эң жогорку тираждуу гезити Бильддин жекшемби саны «Bild Am Sonntagда» орун алган кабарга караганда BND төрагасы Оле Диль, немис эл өкүлдөрү менен болгон жашыруун жолугушууда Түндүк Кореянын алыс аралыкка аттуучу ракеталары жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка ылайык Оле Диль, «Түндүк Кореянын ракеталарынын Европа жана Германияга жете ала турганын так айта ала турганын» жолугушууда маалымдаган.

Гезит кабарына булак катары жолугушууга катышкан эл өкүлдөрүн көрсөттү.

Кабарда Түндүк Кореянын эми континенттер аралык ракеталарын ядролук дүрмөттөр менен жабдыгыдай күчкө ээ болгону жазылды.



Тектеш кабарлар