Сауд Арабияда тарыхый чечим

Мураскор ханзаада Салмандын билдирүүсү.

Сауд Арабияда тарыхый чечим

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, аялдар «сылык-сыпаа жана туура» кийинген учурда «хижаб кийүүгө» аргасыз болбой тургандарын айтты.

Мурскор ханзаада, CBS каналына берген маегинде: «Шарият мыйзамдарына ылайык аялдар эркектер сыяктуу сылык-сыпаа кийинүүлөрү керек. Мунун кара хиджаб түрүндө болушу шарт эмес»,-деп айтты.

Салмандын билдирүүсү, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугаар алдында жарыяланды.

Сауд Арабияда мурскор ханзаада Салман буга чейин өлкөсүн «Жумшак Исламга» өткөрөөрүн билдирген болчу.

Ханзаада Салман, аялдардын унаа колдонууларына, стадиондорго кирүүлөрүнө, киного барууларына тыюу салууларды алып салган.

Сауд Арабияда аялдар биринчи жолу быйыл өткөрүлгөн марафондо жарышып, биринчи жолу бир аял ырчы концерт берген болчу.

 



Тектеш кабарлар