Кытайда жасалма жүрөк жасалды

Жасалма жүрөк ракета технологиясы менен иштелип чыкты.

Кытайда жасалма жүрөк жасалды

Кытайда ракета технологиясы менен жасалма жүрөк жасалды.

Кытайдын Космостук илим жана технология компаниясынын (CASC) карамагында иш алып барган Кытайдын ракета учуруу технолгиясынын академиясы жана Тиянжин Теда Жүрөк-кан тамыр ооруканасы биргелеше иштеп чыккан жүрөктө, анда колдонулган ракета технологиясынын негизинде тамырлар дагы аз зыян тартат жана кан дагы узак мөөнөт айлана алат.

Белгилүү тармактагы нерселердин кандайдыр бир аппараттын жардамына керек болбостон магниттик талаа менен кыйылдашына мүмкүнчүлүк түзгөн магниттик суюктук технологиясы жасалма жүрөктөгү чайпалуу жана титирөөнүн азайтат.

Мунун негизинде жасалма жүрөктүн дагы таасирдүү согушу камсыздалса, энергия булагы да жүрөккө дагы узак мөөнөт күч бере алат. Ушундайча жасалма жүрөктүн дагы узун өмүрлүү болушу камсыздалат.

Аны иштеп чыккан технологиядан улам «космостук жүрөк» деп да аталган жасалма жүрөк, алгач бир канча сыноолордон өтүп жаныбарларда сыналат.

Көбүнчө жүрөк көчүрүүнү күтүп жатканда же көчүрүү мүмкүн болбогон учурда колдонулган жасалма жүрөктөр, орточо баасы 152 миң доллар болгон импорттолгон жасалма жүрөктөргө салыштырмалуу дагы арзан болушу күтүлүүдө.

Дүйнөдө алгач ирет 2013-жылы толугу менен жасалма болгон жүрөк Франциядагы Жорж Помпиду ооруканасында 70 жаштагы оорулууга көчүрүлгөн болчу.

 



Тектеш кабарлар