Орусия АКШны коркутту

Валерий Герасимовдун билдирүүсү.

Орусия АКШны коркутту

Орусиянын башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов, АКШнын Сирияны бомбалап жана бул жердеги орус аскерлеринин өмүрүнө коркунуч келтирсе буга жооп бере тургандарын айтты.

Валерий Герасимов, АКШнын Сирия өкмөтүн химиялык курал колдонгону менен күнөөлөнү пландап жатканын жана муну себеп көрсөтүп борбор шаар Дамасктагы өкмөттүн көзөмөлүндөгү жерлерге ракета менен кол салууну ойлогонун белгиледи.

Башкы штабдын башчысы, Дамасктагы расмий мекемелер менен Сирия армиясына таандык имараттарда Орусиянын аскердик кеңешчилери, орусиялык жооптуу кызматкерлер жана орус акерлердик полиция кызматкерлеринин орун алганын эске салды.

Герасимов, борбор шаар Дамаск менен катар Сириянын кандайдыр бир жеринин бомбаланышы жана мунун бул өлкөдөгү орус аскерлеринин өмүрү үчүн коркунуч жараткан учурда, аты аталган кол салууда колдонулган ракеталарга жана бул ракеталарды ташыган согуштук учактарга каршылык көрсөтүлө турганын баса белгиледи.

Бул билдирүү, АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин химиялык кол салуу болгон учурда Вашингтондун Дамаскка каршы кол салышы мүмкүн экенин айтып эскертишинен кийин айтылышы көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар