Түндүк Корея менен боло турган жолугушуунун алдында ташталышы керек болгон айрым кадамдар бар

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Африка сапарынын алкагында барган Нигерияда маалымат жыйын өткөрүп, Түндүк Корея тууралуу маалыматтарды берди.

Түндүк Корея менен боло турган жолугушуунун алдында ташталышы керек болгон айрым кадамдар бар

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Түндүк Корея менен боло турган жолугушуунун алдында ташталышы керек болгон айрым кадамдар бар экенин белгилеп кетти.

Мамлекеттик катчы Тиллерсон, Африка сапарынын алкагында барган Нигерияда маалымат жыйын өткөрүп, Түндүк Корея тууралуу маалыматтарды берди.

Тиллерсон: «Жолугушуу боло турган жер жана мазмуну тууралуу таштала турган айрым кадамдар боюнча макулдашуубуз керек»,-деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын Лидери Ким Чен Ындан келген чакырууну кабыл алуусунан кийин азырынча Түндүк Кореядан бул тема тууралуу кайра жооп албагандарын белгилеген Тиллерсон: «Түндүк Кореядан түздөн-түз жооп алган жокпуз, алардан түздөн-түз жооп күтүүдөбүз»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чунг Еййонг (Chung Eui-Yong) АКШлык жооптуу кызматкерлер менен жолугушуусунан кийин Ак үйдөгү маалыматтандыруусунда, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан келген чакырууну кабыл алганын жана эки лидердин эң кеч май айынын акырында жолуга ала тургандарын айткан.



Тектеш кабарлар