Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду кызматтан алгандыгын билдирди

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысы Борбордук чалгындоо агентти ЦРУнун төрагасы Майк Помпео болду.

Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду кызматтан алгандыгын билдирди

 АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан алды.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысы Борбордук чалгындоо агенттиги ЦРУнун төрагасы Майк Помпео болду. Помпеодон бошогон орундукка болсо Жина Хаспел келди. Хаспел бул кызматка келген биринчи аял болду.

Трамп Тиллерсонду кызматтан алгандыгын твиттер аркылуу билдирди.

Тиллерсон чечими тууралуу кийинчерээк журналисттерге билдирген АКШнын президенти Трамп : «Тиллерсонду кызматтан алуу чечимин жалгыз өзүм чыгардым. Тиллерсон менен Иран да болгон бир топ темада пикирибиз дал келген жок. Тиллерсон менен ойлорубуз бир эмес эле. Помпеого толугу менен ишенем. Алгычкы учурдан баштап Помпео менен жакшы түшүнүштүк. ЦРУнун биринчи аял төрагасынын ийгиликтүү болоруна ишенем»,- деди.

Дональд Трамп менен мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун ортосунда АКШнын тышкы саясатындагы ортого чыккан пикир айырмачылыктарынын «оңдолушу кыйын» бир абалга келе баштагандыгы белгиленип жаткан.



Тектеш кабарлар