Сомалиде кол салуу болду

Кол салууда 21 киши каза болуп, 20 киши жараланды.

Сомалиде кол салуу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо бомба жүктөлгөн унаалар менен жасалган эки кол салууда 21 киши каза болуп, 20 киши жараланды. Каза болгондордун санынын артуусунан санааркоолор болууда.

Жергиликтүү жетекчилер Могадишодогу биринчи кол салуунун Сомали улуттук чалгындоо кызматы  NİSA имаратынын жакынында, жаңы ачылган бир мейманкананын алдында, экинчисинин да президенттик сарайынын жакынындагы бир коопсуздук текшерүү жерине жасалгандыгы билдирилди. Ошол эле учурда коопсуздук жетекчилери президенттик сарайын бутага алган эки кол салуунун жолунун тосулгандыгын, полиция формасын кийген 5 терроисттин өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Террордук уюм Еш  - Шебаб уюмдун басма сөз органдарынын арачылыгы менен кол салууларды моюнга алгандыгын жарыялады.

Түркия Могадишодо көп сандаган кишинин каза болушуна жана жараланышына жол ачкан террордук кол салууларын катуу айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Сомалиде ырааттуулукту бузууга аракет кылган террордук кол салууларга каршы Түркия бир тууган Сомали калкы жана өкмөтү менен күчтүү тилектештигин улантат",- деп билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар