Ич өткөк оорусунун кесепети
Ич өткөк илдетинен 26 киши каза болду.
Угандада баш калкалоочулардын лагеринде ич өткөк илдетинен 26 киши каза болду.
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Угандадагы катчысы Дуня Аслам Хан журналисттерге берген маалыматында, Конго Демократиялык Республикасынан келген баш калкалоочулар жашаган «Кянгвали» лагеринде 15-19-февралда 26 баш калкалоочунун ич өткөк оорусунун себебинен көз жумганын айтты.
Каза тапкандардын Угандага жаңы келген баш калкалоочулар экенин белгилеген Аслам Хан, лагерлердеги баш калкалоочулардын көпчүлүгүнүн өтө арык жана алсыз экенин билдирди.
Аслам, «Кянгвали» лагеринде ушул учурга чейин 400дөн ашуун кишинин катталганын белгилеп, холера эпидемиясынын жайылып кетүү коркунучунун санааркатканына көңүл бурду.
Угандага баш калкалаган адамдардын бир бөлүгү өкмөт менен оппозициячыл куралчан топтордун кагылышууларынан, бир бөлүгү болсо уруулар ортосундагы чыңалуулардан качууда.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.