Санкт-Петербургда сейрек кездешүүчү кубулуш

Санкт-Петербург шаарынын тургундары, сейрек кездешүүчү кубулушка күбө болушту.

Санкт-Петербургда сейрек кездешүүчү кубулуш

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын тургундары, жарыктын сынышынан келип чыккан жана сейрек да болсо байкалган кубулушка күбө болушту.

Табигый көрүнүшкө күбө болгон Санкт-Петербург шаарынын тургундары, тартып алган фотосүрөттөрдү социалдык медиада бөлүшүштү.

«Жалган күн» же латынча «Пархелиа» деп аталган бул көрүнүш, жарыктын сынышынан пайда болгон жана сейрек да болсо байкалган табигый кубулуш болуп саналат.

Күндөн келген жарыктар көз менен көрүнбөгөн муз кристаллдарына чагылат жана күн клондолгон сыяктуу бир учурда үч даанадай көрүнөт.



Тектеш кабарлар