Дүйнөнүн эң күчтүү учагы Катарда

Катардын бул учакты Дохадан Лондонго жүргүзүлгөн каттамдарда колдоноору күтүлүүдө.

Дүйнөнүн эң күчтүү учагы Катарда

Дүйнөнүн эң чоң жана күчтүү коммерциялык Airbus A350-1000 үлгүсүндөгү учагы үчүн Катар аба жолдорунда кызмат көрсөтүү үчүн барган Дохада тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

Дүйнөнүн жалпысында бул учакты биринчи жолу колдоно турган Катар аба жолдорунун жетекчиси Экбер аль-Бакир, аземдеги сөз сүйлөөсүндө, Катар аба жолдорунун 5 жылдын ичинде дагы 41 учак алууну каалаганын, талаптарга ылайык бул сандын 45-50гө жеткирилиши мүмкүн экенин айтты.

Катар аба жолдорунун келээрки үч айда Airbus A350-1000 учагынын дүйнөдөгү биринчи жана жалгыз колдонуучусу болоорун баса белгилеген Бакир, ушул эле үлгүдөгү дагы экинчи учактын өткөрүлүп алынааарын билдирди бирок күнүн айткан жок.

Катардын бул учакты Дохадан Лондонго жүргүзүлгөн каттамдарда колдоноору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар