Түндүк Корея АКШнын санкцияларына каршылык көрсөттү

БУУнун коопсуздук кеңеши, ядролук программасынын себебинен Түндүк Кореяга 2006-жылдан бери экономикалык жана аскердик санкцияларды ишке ашырууда.

Түндүк Корея АКШнын санкцияларына каршылык көрсөттү

Түндүк Корея, АКШнын «зордук жана өзүм билемдик менен» БУУнун коопсуздук кеңешинде чыгарткан санкция токтомдорунун «экономикасын жана элин муунтканын, жашоо укугунун колунан алынганын» айтып чыкты.

Ядролук программасынын себебинен эл аралык санкциялар киргизилген Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жарыясында Пхеньянга карай «оор» санкциялар менен «өлкөнүн эгемендиги жана эл аралык укуктун бузулганы» билдирилди.

«Түндүк Кореяга карай» деп мүнөздөлгөн БУУнун коопсуздук кеңешинин санкцияларынын «өлкөнүн экономикасын жана элин муунтканы» жана түндүк кореялыктардын «жашоо укугу колунан алынганы» жакталган баяндоодо АКШны «зордук жана өзүм билемдик менен» БУУнун коопсуздук кеңешинде «мыйзамсыз» санкция токтомдорун чыгартканы менен күнөөлөдү.

Коопсуздук кеңеши санкциялар менен Түндүк Корея калкынын укуктарына бөгөт коюлганы жана бузулганы айтылган баяндоодо, БУУнун баш катчысы  Антонио Гутерришке санкциялардын эл аралык укуктун алкагында мыйзамдуу болуп болбогонунун белгилениши үчүн адистерден турган эл аралык комиссия түзүлүшү боюнча чакырыкты кайталады.

БУУнун коопсуздук кеңеши, ядролук программасынын себебинен Түндүк Кореяга 2006-жылдан бери экономикалык жана аскердик санкцияларды ишке ашырууда.

Кеңештин Түндүк Кореяга карай санкциялар тизмесинде 78 киши жана 54 мекеме орун алган.



Тектеш кабарлар