Трамп 1,5 триллион доллардык инфраструктура бюджетин Конгресске сунуштады

Трамп бийлиги Ак үйдө инфраструктура инвестициялары үчүн өткөрүлгөн жыйналыштан кийин Конгресске 53 барактык мыйзам долбоорун жөнөттү.

Трамп 1,5 триллион доллардык инфраструктура бюджетин Конгресске сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөнүн эскирген инфраструктурасын жаңылоо үчүн 1,5 триллион доллардык инвестиция планын Конгресске сунуштады.

Трамп бийлиги Ак үйдө инфраструктура инвестициялары үчүн өткөрүлгөн жыйналыштан кийин Конгресске 53 барактык мыйзам долбоорун жөнөттү.

Көптөн бери күтүлгөн сунушка караганда алдыдагы 10 жылда 200 миллиард доллары мамлекеттик каржылоолор болуп бардыгы 1,5 триллион доллардык инфраструктура жаратылышы пландалууда.

Айрыкча атайын инфраструктура инвестицияларын колдоого алыш үчүн расмий уруксат мөөнөтүнүн 10 жылдан 2 жылга азайтылышы, салыксыз насыя колдонуу жана жергиликтүү башкаруучуларга жолдорду акылуу кылуу ыйгарым укугу берилишин көздөгөн мыйзам долбоору 2019-жылдын финансылык бюджетинин алкагында Конгресске сунушталды.

Ак үйдүн 1,5 триллион доллардык  инвестиция жаратыш үчүн колдоно турган 200 миллиард доллардык мамлекеттик финансылоонун башка тармактардагы каржылоолор үзгүлтүккө учураганда тең салмактоо үчүн пайдалана турганы жарыяланды.

Кандайдыр бир атайын инфраструктура долбоору орун албаган пландын ишке ашырылышы үчүн Конгресс тарабынан бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар