Германияда мечит курулуп жаткан участокко 26 крест тургузулду
Кресттин үстүндө 2016 - жылы Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жасалган террордук кол салууда каза болгондордун аттарынын жазылгандыгы билдирилди.
Германияда курулушу улантылып жаткан Дин иштеринин түрк ислам кызматташтыгы мечитинин участогуна 26 крест тургузулуп мазар сыяктуу көрсөтүлдү. Бавария аймагындагы Регенсбург шаарында курулушу улантылып жаткан Регенсбург мечитинин участогуна мурунку күнү ким экени белгисиз кишилер тарабынан тургузулган 26 кресттин үстүнө 2016 - жылы Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жасалган террордук кол салууда каза болгондордун аттарынын жазылгандыгы көрүндү. Полиция бул аймакта иликтөө баштады.
1986 – жылдан бери Регенсбургда иш алып барган Борбордук мечиттин немис коңшулары жана жергиликтүү башкаруучулар менен жакшы карым - катнаш жүргүзүп жаткандыгы жана ушул күнгө чейин эч кандай келишпестиктердин болбогондугу билдирилди.
Тектеш кабарлар
Калкы эң көп өлкө Индия
Калкынын саны 1, 441 миллиардга жеткен Индиянын "эң көп киши жашаган өлкө" экендиги билдирилди.