Тесланын багыты өзгөрдү

Космоско учурулган унаа Марсты жандап өтөт.

Тесланын багыты өзгөрдү

Американын космостук транспорт компаниясы SpaceXтин мега долбоорунда багыт өзгөрдү.

Элон Муск компаниясы тарабынан дүйнөнүн эң күчтүү рокетасы менен космоско учурулган автоунаа Марсты жандап өтөт.

Космоско чыккан биринчи автоунаа Марстан алысыраак жерде бара жатат.

АКШнын Флорида штатындагы «Cape Canaveral» базасынан учурулган Heavy Falcon ракетасы, Тесла үлгүсүндөгү унааны космоско алып барды.

Унаанын рулундагы манекен Жылдыз Адам, Дэвид Боуинин Марс темалуу ырынын коштоосунда илгерилеп баратат.

Тесла унаа космосто орто эсеп менен алты саат эркин жүрдү.

Орбиталык маневрда мотор кыймылдаткычы ашыкча иштеп кетти жана багытта өзгөрүү болду.

Тесланын жаңы багыты Марс менен Юпитердин ортосундагы астероид алкагы.

Багыттын өзгөргөнүнө карабастан менчик компаниянын кайрадан колдонсо боло турган ракеталар менен космоско автоунаа жөнөткөн болушунун чоң ийгилик экени белгиленди.



Тектеш кабарлар