Катар Бириккен Араб Эмирликтери тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине нааразычылык билдирди

Билдирилген Нааразычылык боюнча азырынча Бириккен Араб Эмирликтеринен маалымат келген жок.

Катар Бириккен Араб Эмирликтери тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине нааразычылык билдирди

Катар Бириккен Араб Эмирликтерине таандык бир аскердик учактын өз аба мейкиндиги эрежесин бузушу менен бул өлкө тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине нааразычылык билдирди.

Борбору Катар болгон Аль Жазира каналында берилген маалыматка ылайык бир нускасы БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррешке берилген нааразычылык билдирүүдө окуянын Катардын кадыр  - баркы, чек ара жана жеринин коопсуздугу менен эл аралык мыйзамдарга ачык түрдө тескери экендиги белгиленди.

Нааразычылык билдирүүсүндө өзгөчө эреже бузуулар улантыла турган болсо Катардын эл аралык мыйзамдар боюнча мыйзамдуу укугун коргоо менен аба мейкиндигин, чек аралары менен улуттук коопсуздугун коргоо үчүн керектүү бардык чараларды көрөрү баса белгиленди. Окуянын качан болгондугуна байланыштуу маалымат берилген жок. Маселе тууралуу Бириккен Араб Эмирликтеринен азырынча маалымат келген жок. Чек ара эрежелеринин бузулушунун Катар менен кээ бир араб өлкөлөрүнүн ортосунда кризистин башталышынан бери биринчи жолу болгондугуна көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар