Газада эки бала шейит болду

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериа менен Газа чек арасында палестиналык эки баланы өлтүрүп, үч кишини да жаралады.

Газада эки бала шейит болду

  Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериа менен Газа чек арасында палестиналык эки баланы өлтүрүп, үч кишини да жаралады.

Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  - Кудра Ел – Бериж качкындар лагеринин чыгыш жагында АКШнын Кудусту «Израилдин борбор шаары» катары таануу чечимине каршылык көрсөтүү үчүн уюштурулган митинг учурунда  он алты жаштагы Эмир Абдулхамид Эбу Мусаид аттуу палестиналык бир баланын Израиль аскерлери аткан ок менен көкүрөгүнөн жараланып каза тапкандыгын белгиледи.

Ошол эле митингде үч палестиналыктын жаралангандыгын айткан Кудра жаралуулардын арасында абалы оорлордун да бар экендигин белгиледи.

Палестина саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да Израил аскерлеринин Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына караштуу Ирак Бурин айылындагы кийлигишүүсүндө палестиналык бир баланын каза болгондугу белгиленди. Жаралуунун менчик машина менен Наблустагы бир ооруканада шейит болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар