Дүйнөдөгү эң кымбат баалуу үйдү мураскор ханзаада Салман сатып алган

Салман хансарайды канчага сатып алган?

870523
Дүйнөдөгү эң кымбат баалуу үйдү мураскор ханзаада Салман сатып алган

Дүйнөдөгү эң кымбат баалуу үйдү мураскор ханзаада Мухаммед бин Салмандын сатып алганы аныкталды.

Франциянын борбор шаары Парижде 2011-жылы бүткөрүлгөн жана 2015-жылы 301 миллион долларга сатылган, дүйнөдөгү эң кымбат баалуу үйдү (The Chateau Louis XIV) Людовик XIV хансарайын Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын сатып алганы белгилүү болду.

Өткөн айда өткөрүлгөн аукциондо 450 миллион долларга сатылган Леонардо да Винчинин «Сальватор Мунди» аттуу картинасын сатып алганы белгиленген ханзаада Мухаммед бин Салман, ушундайча дүйнөдөгү эң кымат баалуу үйдүн да ээси болду.

«Нью-Йорк Таймс» гезити үйдү сатып алган Франция жана Люксембург борбордуу компаниялардын, ханзаада Салманга таандык экенин жазып чыкты.

Сауд Арабияда көп сандаган ханзаада, министр жана жогорку даражалуу кызматкерлер камакка алынган жемкорлук операциясы менен дүйнөнүн күн тартибин ээлеген мураскор ханзаада Мухаммед бин Салмандын француз хансарайына 2015-жылы 301 миллион доллар төлөгөнү белгиленди.

«Forbes» журналына караганда бул кымбат балуу үй, Версалга жакын жердеги Лувесьен аймагында жайгашкан.

Хансарайда шарап чыгаруучу ишкана, кино зал, үстү ачык жана жабык бассейн, эки бал-маскарад залы, бир түнкү клуб, китепкана жана аквариум бөлмөсү бар.  



Тектеш кабарлар