АКШ - Орусиянын Сирияда учак кризиси

Орусиянын коргоо министрлиги болсо батыш медиасында Сирияда АКШга таандык Ф  - 22 реактивдеринин орус Rus S-25 аскердик учактарынын жолун тосту деген кабарларды төгүнгө чыгарды.

АКШ - Орусиянын Сирияда учак кризиси

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги (CENTCOM) мурунку күнү Сирия аба мейкиндигинде орус жана Америка учактарынын бири бирине абдан жакындагандыгын, бирок бул абалдын өзгөчө кырдаал эмес экендигин жарыялады.  CENTCOM жетекчиси бул тууралуу берген маалыматында : «Эки Ф  - 22 учагы, эки орус учагына абдан жакындады. Ушул себептен абалды сүйлөшүү максатында аба мейкиндигиндеги кырсыктарды алдына алуу каналдары акрылуу байланышка өтүлдү»,- деп билдирилди.

Мындай абалдардын кээде күндө бир канча жолу болгондугун жана мунун өзгөчө кырдаал эмес экендигин белгилеген жетекчи окуя тууралуу кенен маалымат берген жок.

Орусиянын коргоо министрлиги болсо батыш медиасында Сирияда АКШга таандык Ф  - 22 реактивдеринин орус Rus S-25 аскердик учактарынын жолун тосту деген кабарларды төгүнгө чыгарды. Окуянын 13 -  декабрь күнү болгондугун белгилеген министрлик : «Дарыянын чыгыш жагынан орус аскердик учактарына Американын Ф  - 22 учактары жакындады.  Ф  -22 учактары орус Su-25 учагына тоскоолдук жаратты»,- деп билдирди.

Орусиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков 9 -  декабрда билдирген маалыматында эки өлкөнүн аскердик учактарынын ортосундагы жакындашуулардын АКШнын террордук уюм ДЕАШтын жок кылынышына  тоскоол болуу аракеттерине байланыштуу экендигин ортого салган болчу.

 



Тектеш кабарлар